Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Кичи-Чараат» фабрикасына байланыштуу маселелерди талкуулады

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 737 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту. Анда тараптар Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чараат» байытуучу фабрикасына байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Абылгазиев Кыргызстан мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдой турганын белгилеп, Кытай өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү, жакын коңшу жана досу экенин айтты.

Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд сом инвестиция салынган. 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM