Биз менен байланышыңыз

Президент: Эң күчтүү жарандык коому бар мамлекетке айландык

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 1096 | 0

Кыргызстанда өз тарыхын сыйлаган татыктуу коом өсүп келе жатат. Эң күчтүү жарандык коому бар мамлекетке айландык. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде гүлчамбар койгондон кийин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан элине кайрылуу жолдоп, ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана этностук таандыгын унутпай, өзүн Кыргызстандын жараны экендигин түшүнүп, аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл экенин айтты.

Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечекте өнүгүүнүн багыттарын туура аныктайт. Болочок муун үчүн бекем негиз түзөт. Азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат. Кудай бизге бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы”, — дейт президент.

Copyright © 2017 Maral FM