Биз менен байланышыңыз

Спикер: Парламент ЖМК үчүн ачык орган

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 586 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпыга маалымдоо каражаттарын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал билдирүүсүндө ЖМКлардын бүгүнкү заманбап шартта коомдун социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшүндөгү олуттуу таасирин белгилейт.

Айкындуулук жана бейтарап маалымдуулук болбосо укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмес. Биздин жашоону маалыматсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан журналисттердин коомдо аткарып жаткан милдетин жогору баалашыбыз керек”, — деп айтылат спикердин куттуктоосунда.

Ошондой эле, учурда журналисттик кесиптин жоопкерчилигин сезген жана жогорку моралдык принциптерге ээ болгон адистер иштеп жатканын белгилеп,  Жогорку Кеңеш ЖМК үчүн ачык мамлекеттик орган экенин айтат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-ноябрь Кыргызстанда улуттук маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM