Биз менен байланышыңыз

Парламенттеги фракция лидерлеринин байлыгы канча?

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 1088 | 0

Мамлекеттик салык кызматы жогорку саясий кызматтагы аткаминерлердин 2017-жылы тапшырган Бирдиктүү салык декларациясындагы маалыматтарды жарыялады.

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов былтыр 4 млн 476 миң сом киреше тапкан. Чыгашасы 5 млн 137 миң сомду түзгөн. Депутаттын менчигинде 24,61 га айыл чарба багытындагы жери бар. Ири жана майда мал жандыктары 9 млн сомго, жылкылары 11 млн сомго бааланат.

Анын жакын туугандарына жазылган 30,8 чарчы метр аянттагы батир, 2 автоунаа, ошондой эле 174 чарчы метр жер аянты бар.

“Республика — Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун кирешеси 2 млн 869 миң сомго жеткен. Ошондой эле ага тийиштүү 0,3 га жер аянты бар экенин көрүүгө болот. Жакын туугандары 191,7 чарчы метр аянт батир, 2016-жылы чыккан “Лендкрузер 200” үлгүсүндөгү автоунаага ээ.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков 2017-жылы 948 миң 924 сом тапкан. Анын менчигинде айыл чарба багытындагы 5,5 га жер аянты, 150 миң сомго бааланган эмерек, 40 миң сомдук тиричилик техникалары, 80 миң сомдук майда мал жандыгы, 40 миң сомго бааланган бал өндүрүшү бар.

Анын жакындарына жазылган 45,7 чарчы метр аянттагы үй «Лексус RX300» үлгүсүндөгү автоунаа бар.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин өткөн жылы тапкан кирешеси 823 миң 164 сомду түзгөн. Менчигинде 359 чарчы метр аянттагы эки турак-үйү бар.

Депутаттын туугандарынын кирешеси 23 млн 447 миң сомго жеткен. Алардын менчигинде 385 чарчы метр аянттагы үй, 3,5 га жер, 450 миң сомго эмерек, 320 миң сомдук тиричилик техникасы, 560 миң сомдук зер буюмдары бар.

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов былтыр 4 млн 383 миң 980 сом тапкан. Чыгашасы 16 млн 290 миң сом деп көрсөтүлүп турат. Сулаймановдун 120 чарчы метр аянттагы батири, «Лексус LX» автоунаасы, 2 млн сомго бааланган жылкылары бар. Ал эми жакын туугандарынын кирешеси тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун былтыр тапкан кирешеси  798 миң 309 сом болгон. Анын менчигинде эч кандай мүлкү жок. Жакын туугандарына 230 чарчы метр аянттагы батир, 2014-жылы чыгарылган «Тойота Камри» автоунаасы жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM