Биз менен байланышыңыз

“Торгой” аялдар “үкүлөргө” караганда ракка аз чалдыгышат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 850 | 0

Англиялык окумуштуулар аялдардагы көкүрөк рагынын эрте мененки уйку менен болгон байланышын изилдеп, таң калыштуу жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу Times басылмасы жазып чыкты.

Эрте менен эрте турган аялдарда көкүрөк рагы таңда уктаганларга караганда 40%га аз экени аныкталган.

Окмуштуулар тобу Британиялык биоматериалардын банкынан жана Эл аралык көкүрөк рагы ассоциациясынан алынган 400 миң бейтаптын маалыматын анализдеп, изилдешкен. Натыйжада өздөрүн “үкү” тобуна киргизген уйкучу аялдар катардагы аялдарга караганда ракка 20%га көп кабылары аныкталган.

Бристоль университетинин окмуштуусу Ребекка Ричмонддун айтымында, кеч уктоо менен узак уктоонун ракка тийгизген түз таасири изилдөөчүлөрдү да таңданткан. Буга чейинки изилдөөлөр кечки нөөмөттө иштеген аялдарда рактын көрсөткүчү жогору экенин билдирген. Бирок бул жолку ачылыш катардагы жарандардын да кызыгуусун арттырып, Глазго шаарында өтө турган көкүрөк рагы боюнча конференцияга катышууну каалагандардын саны өскөн.

Кошумчалай кетсек, көкүрөк рагы 13-90 жаштардагы аялдарда кездешип, адамдарда кабылуусу боюнча рак ооруларынын арасында өпкө рагынан кийинки экинчи орунда турат. Ал эң көп изилденген оору болуп, көбүнчө Америка менен Европа континенттеринде көп катталат. Бул аталган аймактардагы үй-бүлө мамилесинин жана бала төрөөнүн пассивдүүлүгү менен байланыштуу. Гормоналдык бузулуу, төрөбөө, бала эмизбөө, семирүү, алкоголдук ичимдиктер, чылым чегүү, туруктуу негативдүү маанайда жүрүү жана тукум куугандыктан улам келип чыгуучу бул илдетке жылына 1 миллионго жакын аял жабыркайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM