Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милициянын «өмүрү узарды»

Коом | 6 Ноя 2018 | 1091 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Кайгуул-посттук кызматынын алкагында патрулдук милициясы түзүлөт. Аталган кызмат жол коопсуздугун көзөмөлдөйт. Кайгуул милициясынын курамына кызматкерлер сынак аркылуу кабыл алынып, атайын окуудан өтүшөт. Долбоор келерки жылы пилоттук түрдө Бишкек шаарында ишке кирет. 

5-ноябрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарын реформалоо боюнча эксперттик топту кабыл алды. Баарлашууда алардын ишинин жыйынтыгы менен таанышып, сунуштаган демилгелерин кубаттады.

Жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов реформанын алкагында Бишкекте Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла турганын билдирди.

Маалыматка караганда, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт бөлүктөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

-Бүгүн биз эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан стратегияны өлкө башчысына көрсөттүк. Документте реформалоо жолдору ар тараптуу талкууланып, жазылган. Мында жумуштун натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Каражат жагы да кылдат эсептелип чыкты. Кесипкөй, жумушуна берилип иштеген кызматкерлерди тандап алуу керек деп эсептейбиз. Азыркы курамда иштеп жаткандар да сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кабыл алгандан кийин ИИМдин базасында 3-4 ай окутуу болот.

Реформанын алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын материалдык базасы да чыңдалмакчы. Ал эми иштин натыйжалуу болушу үчүн инспекторлор заманбап технологиянын жардамы менен иштей турган болууда.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу, кийинки жылдары реформаны бүт өлкөгө жайылтуу максат ы коюлду.

ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Ялкун Даутов сунушталган демилгени колдоду. Анын пикиринде, патрулдук милицияны түзүп, ага жардам берүү керек. Андан соң жыйынтыктары байкалат.

-Конкурстан өзүнүн ишин жакшы билген кызматкерлер өтүүсүнө өзүбүздүн сунуштарды айтабыз. Бул сунушту көрүшүбүз керек. Мындан эки жыл мурун патрулдук милиция түзүлүп, иши жакшы натыйжа бербей бир айдан кийин токтом менен жоюлган. Бирок азыр жаңы пилоттук түрдө түзүлүп жаткан патрулдук милицияга ишеним көрсөтүп, коомчулук тарабынан жардам берип анан жыйынтыкты көрөбүз деп ойлоймун.

Кыргыз өкмөтү 1994-жылдан бери Ички иштер министрлигин реформалоо аракетин көрүп, ар кандай программаларды да кабыл алган.

Милициянын генерал-лейтенанты, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев патрулдук милиция кайрадан түзүлсө, кызматкерлер үчүн жакшы болорун белгилеп,  жол кырсыктарын азайтууга кардиналдуу сунуштар керектигин айтты.

-Азыр айдоочулук күбөлүктү башка мекеме берет. Башка орган айдоочуларды окутат. Ушулардын баарын патрулдук милицияга бериш керек. Эгерде жол кырсыгы болсо жол коопсуздугун камсыз кылган мекеме жооп берип калууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков эксперттик топ сунуштаган демилге менен таанышып чыккан. Буга чейин түзүлгөн патрулдук милицияны мамлекет тарабынан колдоо болбой калганын айтып, азыркы долбоорго каражат бөлүнүп жатканын кабарлады.

-Эгерде каражат маселеси чечилсе, айлык маяна көбөйсө, кызматкерлердин жоопкерчилиги да күчөтүлүп, иштин натыйжасы жакшы болот деп ойлоймун. Айлыкты көтөрбөсө, баягы эле шалаакылык, көңүлкош мамиле улана берет. Анткени ар бир кызматкердин үй-бүлөсү бар. Алардын жашай турган жери жок, социалдык абалы чечилген эмес. Ошондуктан жакшы иш пландарды ишке ашыруу үчүн акча каражаты талап кылынат.

Эске салсак, Кыргызстанда реформанын алкагында укук коргоо тармагындагы бир катар мекемелердин аталышы буга чейин да өзгөртүлгөн. 2016-жылдын 1-апрелинде Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Арадан бир жарым жыл узабай, өкмөттүн токтому менен аталган мекеме жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM