Биз менен байланышыңыз

Чүйдө алгачкы калкты тейлөө борбору ачылды

Коом | 5 Ноя 2018 | 937 | 0

Чүй облусунда жаңы форматтагы биринчи Калкты тейлөө борбору ачылды. Борбор аталган облустун Сокулук районунда жайгашкан. Жаңы ачылган имарат орто эсеп менен 500 миңдей тургунду тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жетет.

Малик Ниязалиев Аламүдүн районунун тугуну. Ал документ иштерин Бишкек шаарына келип бүтүрүүгө жок эле дегенде бир күнү кетчү. Эми минтип Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматта Калкты тейлөө борбору ачылып жатканы үчүн кубанычында чек жок.

-Борбордун ачылышы биз үчүн аябай кубанычтуу жаңылык болуп жатат. Мен Аламүдүн районунун тургуну болом, бирок Шопоков шаары менен чектеш турабыз. Бул шаарда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылганы бизге көп жактан жеңилдик болоорун байкап жатабыз. Буга чейин Бишкек шаарына барып кезек күтүүгө көп убактыбызды коротсок, эми Сокулукка 15 мүнөттө келип убактыбыз үнөмдөлөт.

Шопоков шаарында ачылган жаңы форматтагы  Калкты тейлөө борбору Чүй облусунда биринчи болуп эсептелет. Мурда паспорттоштуруу бөлүмдөрү жана ушул сыяктуу тейлөө кызматтары өз алдынча имараттарда болуп келген. Ошону менен бирге кызматкерлер үчүн да шарттары жок болчу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын айтымында, борбор документтин 36 түрү боюнча кызмат көрсөтөт. Ал бир гана Сокулук районунун тургундарын эле эмес жакынкы аймактардан да элди кабыл алат.

-Биздин жаңы ачылган имарат чоң жана күнүнө 800 адамды тейлей алат. Мында никелешүү тууралуу күбөлүк, паспорт, жөлөк пулга документ, кыймылсыз мүлккө тиешелүү кагаздарды жана каттоого туруу боюнча кызматтарды алышат. Жаңы имаратты тендер аркылуу алдык. Биринчи жылы ижара бекер болот. Кийинки жылдан баштап ижара акысы төлөнөт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да Калкты тейлөөчү жаңы борбордун ачылышына катышты. Ал  акыркы мезгилде Мамлекеттик каттоо кызматы инновацияларды киргизүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин актуалдаштырылган маалыматтык базасын  түзүү боюнча жогорку жыйынтыктарга жетишкендигин белгиледи.

Бүгүнкү күнү Калкты тейлөө борборлорунда бардык шарттар түзүлгөн, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү үчүн бардык зарыл кызматтар жайгаштырылган. Арыз ээлери талап кылынган документтерди имараттан тышкары чыкпастан топтоп жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу үчүн арыз калтыра алышат. Мамлекеттик кызматтардын сапатын, анын ичинде өлкөнүн аймактарында жогорулатуу милдеттери коюлган, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылы жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында ачылган жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ачылышы пландалууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева аталган борборду ачуу үчүн тургундар тарабынан суранычтар болгонун айтып, элдин каалоосу үч айга жетпей аткарылганын белгиледи.

-Жай айларында Сокулук районунун эли менен жолугушуу өткөрүп жүргөндө паспорт бере турган имаратты оңдоп берүүсүн суранышкан. Бул сунушту каттоо кызматынын жетекчисине жеткирсем ноябрда жаңы имарат ишке берилерин айтты. Мына минтип жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып турат. Тургундарды куттуктайм.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков белгилегендей, транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жаатында Калкты тейлөө борборунун үлгү моделин түзүү зарыл.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында вице-премьер-министр бул КТБга алгачкы болуп арыз менен кайрылган жаранга жаңы үлгүдөгү ID-паспорт жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM