Биз менен байланышыңыз

ЖКнын комитети: Медакадемиянын коллежин жабууну колдоду

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 642 | 0

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин депутаттары И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына(КММА) караштуу коллежди жабуу маселесин карашты.

Алгач депутат Дастан Бекешев коллежде бир гана адистик боюнча окутуп,  массажисттерди даярдай тургандыгын айтып чыкты. Көбүнчө көзү начар көргөндөр окугангыдыгын белгиледи. Ошондой эле коллежди Бишкек медициналык коллежине которууну сунуштады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коллежде учурда 15 кызматкер иштеп, 18 студент билим алып жатат деп билдирди. Ал бир гана адистикти окуткан коллежди калтыруу же академиянын балансына өткөрүп берүү боюнча талкуу жүрүп жатат деп кошумчалады.

Ошондой эле азыркы тапта Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча жооп даярдап жаткандыгын айтты. Өкмөт мындай факультеттерди башка жогорку окуу жайларда ачууну көздөйт. Анткени айрым аймактардан келген студенттерге Бишкек алыстык кылып жатат.

КММАнын ректору Индира Кудайбергенованын айтымында, медициналык училище 20 жылдан бери иш алып барып келет. Андагы 14 студент жатаканада жашашат. Коллеждин жылдык чыгашасы 1,2 млн сомду түзөт.

“Эгерде кайсыл бир жакка көчүрө турган болсок, студенттерге оор болуп калат. Аларга жакшы шарттар түзүлгөн, медакадемияда калгандары дурус”, — деп белгиледи ректор.

Талкуунун соңунда комитеттин мүчөлөрү медициналык коллеждин жабылышын колдоп, өкмөттүн билдирген маалыматтары да эске алынды.

Copyright © 2017 Maral FM