Биз менен байланышыңыз

БШК: Шадиевдин мандатын алуу мыйзамдуу болгон

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 592 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Аскарбек Шадиевдин мандаты кандай негизде токтотулганы боюнча маалымат берди.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, шадиев фракциядан чыгуу боюнча арыз жазган. Фракция арызды канааттандырган соң Боршайком анын мандатын мөөнөтүнөн мурун алган.

Буга далил катары Аскарбек Шадиевдин жазган арызы журналисттерге көрсөтүлдү.

Эске салсак, жергиликтүү басылмалардын биринде Шадиев өзүнө карата ачылган үч ишти тең буюртма деп эсептеген билдирүүсү тарады. Анда ал  “Бир бол” фракциясынан чыгуу боюнча арыз жазган эместигин, Борбордук шайлоо комиссиясы анын мандатын мыйзамсыз алгандыгын айкан.

Аскарбек Шадиев билдирүү жасады

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы үчүн айыпталды.

Ошондой эле ал Кыргызстандан качып кеткени үчүн Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү», «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренелери менен айыпталган. Ал учурда укук коргоо органдарынын издөөсүндө.

 

Copyright © 2017 Maral FM