Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча чемпионаттын финалдык беттештери өтөт

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 500 | 0

Бүгүн 3-ноябрда көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын финалдык беттештери өтөт. Бул тууралуу Жаш иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Ошондой эле эр эңиш боюнча финалдык беттештер жана ат чабыш өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, жарым финалдык оюндарда Чүй облусунун командасы Таластын курамасын жеңсе, Ош облусу Ысык-Көлгө утулуп калган.

1-орун үчүн Ысык-Көл менен Чүй облустарынын командалары ойнойт. 3-орун үчүн таймаш Талас менен Ош облустарынын курамалары ортосунда өтөт.

Белгилей кетсек, оюндар Ош облусундагы “Төлөйкөн” ат майданында өтүүдө. Оюндар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM