Президент Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна жасаган иш сапарында бир катар ишканалардын ачылышына катышты. Анда өлкө башчы аймактарга инвестиция салып, ишкана ачкан ишкерлерге сый-урмат менен мамиле кылынууга тийиш деди. Бүгүнкү күнү аймактарга ишкерлер канчалык каражатын салып жатат жана аймактарга инвесторлорго шарт кандай түзүлгөн? Бул тууралуу «Күн чекит» программасында жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу айтып берди.
—Темирлан мырза Президент ишкерлерди туулуп өскөн жерлерине инвестиция салууга чакырып жатат. Бүгүнкү күнү ишкерлер өз аймактарына инвестиция салууга кызыктар эмеспи?
—Үстүбүздөгү жылы президенттин жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп айтылбадыбы. Бирок чынында аймактарды өнүктүрүү үчүн көзгө көрүнөрлүк иш кылынган жок. Мунун бир канча себеби бар. Учурда президент дагы туулуп өскөн жеринерге инвестиция салгыла деп жатат. Бул кайрылуунун эки мааниси бар. Биринчиси, бала чагың өткөн жерге жөн гана жардам ирээтинде мектеп же башка иштерди бүтүрүп кой деген мааниси бар. Муну майда болсо дагы, көп эле ишкерлер кылып келе жатышат. Экинчиси, аймактарда ишкердикти өнүктүрүүгө салым кошуу жөнүндө… Бирок аны ишкер өзү жалгыз ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондуктан мамлекет менен бирдикте ишке ашырылыш керек. Мисалы, биз өкмөткө акыркы он жылдан бери сунуштарыбызды киргиздик. Бирок чынында өкмөт менен ишкерлер чогу иштей алышкан жок.
-Эмне үчүн иштеше алган жоксуздар? Же инвестиция салууга тоскоолдуктар көп болуп жатабы?
—Биз берген сунуштарда эл аралык аккредациядан өткөн лабораторияны түшдүк жана түштүккө курулсун дедик. Канча жылдан бери айтылганы менен курула элек. Экинчиден, аймактарга темир жол тартылышы керек. Бизде аймактарга темир жол барган эмес. Деңизге чыга албайбыз. Ошондуктан аймактарда өндүрүлгөн товарды дүйнөгө алып чыга албайбыз. Ошол эле убакта өзүбүздүн аймакта чыгарган товарды Кыргызстандын ичинде сатканда ишкердин эмгеги акталбайт. Үчүнчүсү, аймактарды өнүктүрүү үчүн өндүрүш аймактарын түзүү деген сунушту киргизгенбиз. Бул багытта жакында эле өкмөттүн колдоосу астында текстиль боюнча өндүрүш аймагыбыз курула баштады. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Ушундай аймактарды көп жерлерге курса болот. Мисалы, Таласта төө буурчак болсо, Нарында эт боюнча сыяктуу кылып түзүп алганыбыз жакшы. Андан аркы иш чынжырча болуп кетиши керек. Кыргызстанда товар өндүрүлөт, лабораториядан текшерилет жана башка өлкөлөргө экспортко жөнөтүлөт.
— Ал үчүн сиздерге кандай жардам керек?
—Лабораториябыз жана темир жолубуз болсо, дүйнөгө чыгабыз. Эгер дүйнөгө эркин чыксак, биздин базар чоңоет. Мисалы, Ысык-Көлдө бир килограммда 10-7 даана алма болот. Анын баасы 25 сом. Бул жарым долларга жетпеген акча. Ошол эле алманын бир даанасы Жапонияда, Малайзияда же Сингапурда бир доллардан жогору турат. Ал рынокко кандайча чыгабыз? Ал үчүн кайра эле лаборатория жана темир жол керек. Болсо эле ишкер өзү эле товардын сапатын жогорулатып, сооданы жүргүзө алат.
-Маегиңизге рахмат!