Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоорун «Вега» ишке ашыра турган болду

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 824 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун «Вега» компаниясы ишке ашыра турган болду. Бишкектин райондор аралык соту Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин арызын канааттандырды.

Комитет Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссиянын чечимине каршы сотко кайрылган. Себеби комиссия буга чейин орусиялык «Вега» компаниясынын тендерде утуп чыгышы мыйзамсыз болгон деген.

Соттук отурумдун жыйынтыгында “ Вега” концернинин тендерден утушу объективдүү деген чечим чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM