Биз менен байланышыңыз

Түркиядан акысыз дарыланууга 150 квота берилет

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 793 | 0

Кыргызстандын жана Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрликтери келишим түздү. Анын алкагында түрк клиникалары Кыргызстандын жарандарын дарылоо квотасын 150гө чейин көбөйттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мында бейтаптар акысыз дарылоодон өтүшөт, ал эми тамак-аш, турак-жай, документтерди которуу акысын бейтаптар төлөйт. Аларды тандоо боюнча атайын комиссия иш алып барат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, жылына өлкө жарандарына 100 гана квота каралган.  Анда министрликке 50 квота, Түркиянын элчилигине да 50 квота каралган.

Copyright © 2017 Maral FM