Биз менен байланышыңыз

«Нур Телеком» конкурсу жок жыштык алгандыгы жөнүндө түшүндүрдү

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 1046 | 0

«НУР Телеком» ЖЧКсы жыштыктарды аукционго катышпай туруп сатып алган деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. 18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2016-жылы “НУР Телекомго” 2 лицензияны мыйзамсыз бергенин айтып чыккан.

Компаниянын маалыматында, жыштыктардын бир бөлүгү «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга ылайык, 1000 сом (2017-жылдын 12-августуна чейин жарактуу болгон) мамлекет алымын төлөө менен алынган.

Ошондой эле ал убакытта бардык байланыш операторлору эч кандай конкурстарды өткөрбөстөн, 2G/3G түйүндөрүн куруу үчүн 900 МГц радиожыштыгындагы диапозондорду колдонуу 1000 сом төлөшкөн.

Бул көрсөтүлгөн мөөнөттө жыштыктарды берүү өлкө рыногунун бардык катышуучуларына жана башка байланыш операторлоруна тең мыйзамдуу негиздерде жүргүзүлгөн.

Компания мындан тышкары, 2009-жылдан бери экономиканын реалдуу секторуна 136 млн доллар көлөмүндө инвестиция тартылганын, 2017-жылы бул көлөм 20 млн долларга жеткенин айтууда.

Байланыш комитети жеке ишканага лицензияны мыйзамсыз берген

Copyright © 2017 Maral FM