Биз менен байланышыңыз

Кызылча оорусунан бир ымыркай каза болгону кабарланды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 571 | 0

Кызылча оорусунан бир ымыркай каза болгону кабарланды. Бул тууралуу республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалымат жыйынында билдирди.  Анын айтымында, октябрь айында Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына алты айлык ымыркай келип түшкөн. Бирок өзүнө келе албай чарчап калган.

Анын башка да илдеттери болгон. Анын дем алуу органдары жабыркап, андан ары пневмонияга өтүп кеткен. Кыздын ата-энеси аны сасык тумоо болуп жатканын ойлоп, үйдө 5 күн дарылашкан.

Маалыматтар боюнча, 2018-жылы кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 500дөн ашкан. Анын ичинен 48 пайызы бир жашка чыга элек балдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM