Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров Эл аралык эмгек уюмунун өкүлү менен жолукту

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 604 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Эл аралык эмгек уюмунун эмгек маселелери боюнча техникалык колдоо тобунун өкүлү Лео Сиббел менен жолугушту.

Анда тараптар эмгекти коргоо, эмгек мамилелери, бул багыттагы кызматташууну талкуулашты. Ага кошумча Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандын эмгек мыйзамдарына тийиштүү тыянак жана сунуштары айтылды.

Ошондой эле, 2019-жылы Эл аралык эмгек уюмунун 100-жылдыгы белгиленип жатканына байланыштуу министрлик “Эмгек тармагындагы болочок” дүйнөлүк демилгенин алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалып жатканы маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM