Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бир баланы төрөтүү үчүн 15 миң акча төлөнөт

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 593 | 1

Мамлекеттик төрөт үйлөрүндө бала төрөлүүдө акча алынбайт. Бул тууруалуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.

Бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат кетерин Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров сураган.

“Бүгүнкү күндө бир баланын төрөлүшү үчүн 15 миңден кем эмес акча төлөнөт экен. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоё албай жатасыңар. Жазылган мыйзамдар толук аткарылбай жатат, дагы мыйзамга өзгөртүүнү алып келип жатасыңар”, — дейт депутат.

Мадамин Каратаев мамлекеттик кепилдик программасы ишке киргенден бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбай жатканына ищендирди.

Ошондой эле, 5 кызматкер бала сатуу фактысы боюнча камакта экенин, кош бойлуу болгон 3 окуучу аныкталганын айтты.

1 пикир

1 пикир

  1. Кубан

    31.10.2018 12:28

    Калп, ишенбесенер мен жакында эле кыздуу болдум. акча деген ошол жакта айланат экен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM