Биз менен байланышыңыз

Быйыл жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болгон

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 557 | 0

Кыргызстанда 2018-жылдын 9 айы ичинде 5 миңден ашык жол кырсыгы тууралуу факты катталган. Бул тууралуу ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жана тергөө боюнча көзөмөл башкармалыгынын улук прокурору Максат Камбаралиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынын кесепетинен 458 адам каза болгон, 6299 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жашы жете электердин катышуусунда 977 жол кырсыгы катталган, анын натыйжасында 1118 адам жаракат алып, 62 жүргүнчү көз жумган.

265 кылмыш иши козголуп, 4710 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 147 факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жол кырсыгы көбүнчө Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жол кырсыгы көп катталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM