Биз менен байланышыңыз

Салыкты убагында төлөбөгөндөргө айып салынды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 508 | 0

Салык кызматы бир ай ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн миңден ашык жаранга айып салды.

Сентябрь айында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 жолу рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 1,7 млн сом өлчөмүндө 1031 субьектке административдик айып салынган. Анын ичинен 1,4 млн сому бюджетке өндүрүлдү.

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктады.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM