Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Шайлоо фондуна чек коюлса да негизги акча көмүскөгө кетет

Шайлоо фондуна чек коюлса да негизги акча көмүскөгө кетет. 150 миң доллар президенттин шайлоо өнөктүгүнө кеткен каражаттын 15% гана түзөт. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо ооргандары көмүскө агымды издеп табышы керек. Шайлоодо физикалык жак да, юридикалык жак дагы демөөрчү боло алат. Бирок юридикалык жактарды  демөөрчү болуудан четтетүү зарыл. Анткени аларда саясий кызыкчылык болбойт.

«Саясий кызыкчылык жеке жактарда болот. Ал эми ишканалар президенттикке талапкерлерди сыйлаганы үчүн демөөрчү болуп бербейт. Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алганы далилденген күндө да ал каражатты «шайлоо фондуна төгөм» деген убадасы бар же жогу татаал маселе. Бул жерде «Дизел комплект» деген компания жок. Себеби ал чет өлкөлүк фирма. Белоруссиялык бизнесмендер КСДПга жардам бергенин айтып жатат», — дейт Акматалиев.

Белгилей кетсек, КСДП буга чейин «Икрамжан Илмиянов алды» деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялаган.

Атайын кызматтан келген катта «тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов «Дизел комплект» аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алганы аныкталды» деп айтылган.

КСДП болсо президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан бардык суроолор боюнча Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну» айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM