Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Жасалма ишкерлердин саны көбөйдү

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 632 | 0

Кыргызстанда жылына 30-40 миң жеке ишкер пайда болот. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты.

Эл өкүлү айыл жеринде насыя алам деп банкка барган бардык жарандар “жеке ишкер” катары каттоодон өтүшү керек деген талап бар экенин, бул туура эмес деген оюн айтты.

Мындай талаптын негизинде насыя алган дыйкан Социалдык фондго айына 900 сомдон төлөшү керек болот. Бирок насыя төлөп бүткөндөн кийин ал эсеп жабылбай калат. Пенсия курагына барганда гана соцфонд жарандын карызы жабылбай калганын эсине салат.

Жасалма түрдө ишкерлердин саны көбөйдү. Канча киши насыя алса баары жеке ишкер болуп жатат. ЧП, ИП дегендердин баарын жаптырыш керек.”

Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш бул маселени карап чыгып, кат жүзүндө жооп жөнөтмөй болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM