Биз менен байланышыңыз

Депутат: Банк кызматтарын колдонууда эл алданган учурлар көп

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 421 | 0

Банктык кызматтарды колдонууда кардарлар, ишкерлер алданып жаткан учурлар көп болууда. Өзгөчө айыл жерлеринде. Мындай маалыматты парламент депутаты Сагындык Келдибаев айтты.

Депутат мындай учурларда арыз түшкөндөн кийин гана эмес, алдын алуу чараларын көрүүнү өтүндү.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш белгилегендей, банкта Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү бар. Ал бөлүмдүн кызматкерлери жарандардын алданып калган учурларда кайрылган арыздары менен иш алып барат.

Мындан тышкары, финансылык сабаттуулук боюнча иш алып жасалууда. Керектөөчүлөрдүн көйгөйлөр боюнча комплекстүү текшерүүлөр жасалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM