Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Элдин жашоосу насыя менен болуп калды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 699 | 0

Кыргызстандын акча базасында жалпы 101 млрд сом бар, анын 80 млрд сому накталай акча болуп эсептелет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш парламент жыйынында айтты.

Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев Улуттук банк өлкө экономикасына таасир бере турган орган болбой калганын айтты. Элдин жашоосу насыя менен болуп калганын, карыздар көп, элде акча жок экендигин белгилейт. Ошондой эле ал аймактардагы өндүрүш менен экономика жуурулуштурулбай жатканына нааразы болду.

Нурбек Жеңиш билдиргендей, өлкөнүн базасындагы акчанын көлөмү 2 эсе өстү. 2014-жылы 60 млрд сомдон аз болсо, учурда 101 млрд сом.

Мындан тышкары, айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Ал насыялар 10 пайыздан ашык эмес пайызда берилет.

Ошондой эле, чакан жана орто бизнес ээлерине насыялар 10-12 пайыздан ашык эмес пайыздык ченде берилиши керек деген талап бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM