Биз менен байланышыңыз

ИИМдин «бирдиктүү терезе» боюнча иштеген борбору тууралуу маалымат берилет

Кыска кабар , Сүрөт | 31 Окт 2018 | 908 | 0

Ички иштер министрлиги массалык маалымат каражаттарына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору, андагы техникалык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырат.

Борбор 27-октябрда ачылып, ага президент Сооронбай Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышкан.

Чүй облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун айтымында, борбордо төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары жана электрондук кезек аппараты орнотулган. Күнүгө справка алуу максатында ИИМге 400дөн 700гө чейин адам кайрылат.

“Бирдиктүү терезе” принциби менен эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Ошондой эле справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болору айтылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын бийликке болгон ишенимин жогорулатуу үчүн бул системаны бүт республика боюнча киргизүү керектигин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM