Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын Тергөө абагындагы бир кишилик камерага которулду. Бул тууралуу “Маралга” Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, Илмиянов Кыйноолорго каршы улуттук борборуна бир кишилик камерага которулуу жөнүндө өтүнүчүн билдирген.
Аталган борбордун өкүлдөрүнө Илмиянов өзүн жакшы сезип, шарттар боюнча эч кандай нааразычылыгы жок экендигин айткан.
Эске салсак, Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.