Биз менен байланышыңыз

Түндүк-түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар насыя алынат

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 629 | 0

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү.

Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM