Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Микронезия ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 481 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстан менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү. Бул багыттагы келишимге Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Микронезия Федеративдүү штаттарынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жон Фриц Токио шаарында кол коюшту.

Анын негизинде эл аралык коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти сыйлоону жана бекемдөөнү, мамлекеттин улуттук эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн, кѳз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү сактоону жетекчиликке алуу көздөлөт.

Тараптар ошондой эле, мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында, ошондой эле Японияда каттоодон өткөн элчиликтер ортосунда ѳнүктүрүүгѳ ниеттерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM