Биз менен байланышыңыз

Камбар-Ата-2 ГЭСинде иш убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 473 | 0

Камбар-Ата-2 ГЭСинде иш убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы кабарлады. Мекеменин маалыматында, ГЭСтеги абал өлкөдөгү электр энергиясын колдонууга таасирин тийгизбейт.

ГЭСте гидроагрегат баткакка толуп калгандыктан, учурда аны тазалоо иштери жүрүп жатат.

«Камбар-Ата-2 ГЭСине чейин Нарын дарыясынын жогорку нугунда гидротехникалык жабдыктар жок. Буга байланыштуу дарыядан агып келген баткак-балырлар ГЭСке топтолот. Бул күтүлбөгөн абал, бирок жөнгө салса болот. Оңдоо, тазалоо иштери ноябрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM