Биз менен байланышыңыз

31-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 542 | 0

31-октябрда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Зымдарга жана бактарга суулуу кар жармашат.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн +3…+5, күндүз +13…+15.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM