Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги 4 от казаны ноябрда оңдолуп бүтөт

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 486 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы 4 от казанды оңдоо иштери ноябрдын аягына чейин аяктайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын генерация жана энергия берүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, компаниянын энергосистемасы күз-кыш мезгилине өтүүгө даяр. Көмүр жана мазутту сатып алуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Токтогул, Күрпсай жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги 3 суу казан оңдолду. Ат-Башы, Камбар-Ата ГЭС-2, Үч-Коргон жана Күрпсай ГЭСтеринде 2 суу казан оңдолду.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 18,8 миллиард кубду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM