Биз менен байланышыңыз

Социалдык өнүгүү министрлигиндеги мыйзам бузуу аныкталды

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 504 | 0

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жөлөк пулдарды берүүдөгү жана кызматтык унааларды алуудагы мыйзам бузууларын аныктады.

Мекеме Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтып чыккан фактылардын негизинде текшерүү жасаган. Ал буга чейин министрлик жөлөкпулду төлөөгө багытталган каражатка кызматтык унаа алганын айтып чыккан.

Текшерүүнүн натыйжасында аталган министрлик Финансы министрлигине бул жылдын чыгашаларына өзгөртүү киргизүү сунушу менен кат жөнөткөн. Себеби мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөдөн үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу максаты көздөлгөн.

Бюджет кодексинин 115-беренеси боюнча бюджеттин корголгон беренелеринин негизинде чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сунушу мыйзамсыз болгон. Буга байланыштуу прокуратура министрликтин жетекчилигине эскертүү берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM