Бишкектин Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак-үйдөн өрт эмне себептен чыккандыгы айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тилсиз жоо электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан чыккан.
Анын кесепетинен үйдүн 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы, 3 кондиционер, 22 пластик терезе күйүп кеткен.
Куткаруучулар тарабынан 70 адам эвакуацияланган.