Биз менен байланышыңыз

64 райондук оорукананын материалдык-техникалык базасы жакшыртылат

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 589 | 0

64 райондук оорукананын материалдык – техникалык базасы жакшыртылат. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ооруканалардын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн атайын баалоочу карта иштелип чыккан. Андагы индикаторлор аркылуу оорукананын жалпы иши көзөмөлгө алынат. Ага суу менен камсыздоо, жылуулук системалары кирет. Тазалык абалын түзгөн гигиена, дезинфекциялоо иштери кошо камтылат. Дары каражаттары жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо шарттары да талаптагыдай болушу керек. Бул багыттагы иштерди аткарууда 2014 — 2018 – жылдар аралыгында 11 млн долларына барабар гранттык каражаттар тартылып, анын 7,3 млн доллары жумшалган.

Жогорудагыдай колдоону райондук ооруканалардын 22си алган.

Эми сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, 64 райондук оорукананын материалдык – техникалык базасы жакшыртылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM