Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 761 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияда UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту. Бул тууралуу спортчунун атасы Абдулманап Нурмагомедов социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Сооронбай Шарипович Нурмагомедовду UFS 229 жеңиши менен куттуктады. Баарлашуу абдан пайдалуу жана жемиштүү болду”, — деп жазган спортчунун атасы.

Андан тышкары, Хабиб Нурмагомедов instagram баракчасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушуусунан видео жарыяланган.

Эске сала кетсек, мамлекет башчы Стамбул шаарында Түркиянын 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM