Биз менен байланышыңыз

Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум өтөт

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 417 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаардык сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум уланат.

Буга чейин 26-сентябрда тиешелүү документтердин жетишсиздигинен улам сот 30-октябрга жылдырылган.

Ушул жылдын 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге нааразы болуп, 17-августта шаардык сотко арыз менен  кайрылган.

Ал апрель айында «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM