Биз менен байланышыңыз

КСДП: Илмияновдун акча алганы боюнча Жээнбеков жооп берсин

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 831 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп таратты. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда ошол кезде штаб башчынын орун басары болгон Икрамжан Илмияновго «Дизель комплект» компаниясы тарабынан 150 миң доллар өлчөмүндөгү «демөөрчүлүк жардам» берилгени боюнча маалымат айтылды.

2017-жылдын 8-августунан кийин Икрамжан Илмиянов же башка адамдар тарабынан аталган сумма КСДПнын ишмердүүлүгүн колдоо үчүн деп берилди беле?» — деп жазылган УКМКнын катында.

КСДП болсо 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

«Шайлоого даярдыкты, анын ичинде каржылык маселелердин баарын талапкер жана анын штабы түздөн-түз чечкен. Мыйзамга ылайык, талапкер өзүнүн шайлоо штабын жана шайлоо фондун түзөт. Саясий партиялар анын ичинде КСДП да президенттикке талапкердин шайлоо штабына жана шайлоо фондуна кийлигише албайт. КСДП шайлоого деп «Дизель комплекттен» же башка бир адамдардан акча алган эмес».

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM