Биз менен байланышыңыз

УКМК: Илмияновдун акча алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 832 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстан социал-демократтар партиясынын 29-октябрда тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Мекеменин маалыматында, азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө.

Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат.

Ошондой эле, Икрамжан Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар экендиги, Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатканы айтылат.

КСДП буга чейин «Икрамжан Илмиянов алды» деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялаган.

Атайын кызматтан келген катта «тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов «Дизел комплект» аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алганы аныкталды» деп айтылган.

КСДП болсо президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан бардык суроолор боюнча Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну» айткан.

Copyright © 2017 Maral FM