Биз менен байланышыңыз

Пакистандын президенти кыргызстандык жарандын кайрылуусун карайт

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 685 | 0

Түркиянын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу алкагында Стамбул шаарында президент Сооронбай  Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алви менен жолугушту.

Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды. Ошондой эле Ариф Алвини 2019-жылдын июнь айында ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Бишкекке келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Пакистанда кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө маселелер козголду.

Пакистан президенти Ариф Алви Кыргызстандын жаранынын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын территориясында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербестигин белгиледи.

Мекенине кайтып келери менен Ариф Алви Пакистан ички иштер министрлигинин башчысын чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берет.

Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн  бизнес өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууну сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн либералдуу мыйзамдар бар экенин белгиледи.

Ариф Алви Кыргызстан лидерин ыңгайлуу учурда Пакистанга визит менен келүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM