Биз менен байланышыңыз

3-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 730 | 0

31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.

1-2-ноябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо жана Ысык-Көл ойдонунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу тегерегинде болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдунунда түнкүсүн -5…-10°,  күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу ыктымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM