Биз менен байланышыңыз

Москва – Ош – Москва багыты боюнча жаңы каттам ачылды

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 517 | 0

Москва – Ош – Москва багыты боюнча «Аэрофолот» аваикомпаниясынын жаңы каттамы ачылды. Бул тууралуу эл аралык “Манас” аэропортунан кабарлашты.

Биринчи каттам 28-октябрда салтанаттуу түрдө кабыл алынды. Москвадан учуп келген биринчи каттам Чыңгыз Айтматов атындагы Boeing 737 учагы 123 жүргүнчүсү менен учуп келди.

«Манас» эл аралык ААКнын төрагасы Эмир Чукуев белгилегендей, аталган каттамдын ачылышы көптөгөн убакыттар бою иштелип келген. Жакынкы убакытта Орусия менен Казакстандын айрым шаарларына жаңы авиакаттам ачылаары маалым болду. Ошондой эле, ноябрь айларына «Уральские авиалинии» компаниясы Ош шаарынан Анапа, Нижневартовск, Сочи жана Волгоград шаарларына жаны каттамдарды ачууну пландап жатат.

Мындан тышкары, «QAZAQair» авиакомпаниясы Алматы-Ош багыты боюнча жаңы каттамдарды ачуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM