Биз менен байланышыңыз

Финансы полициясы бирдиктүү эсепке дагы 6 млн сом которду

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 586 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү эсепке 6 млн 721 миң сом которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Финполиция ушуну менен коррупционерлерден жалпы 197 млн 413 миң сом өндүрүп, бирдиктүү эсепке которду.

Өткөн жумада коррупционерлерден өндүрүлүп бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын суммасы 478 млн 626 миң 900 сомду түзгөнүн Финансы министрлиги билдирген. Анын ичинен 197 млн 413 миң сомду Финансы полиция, 159 млн 64 миң сомду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 127 млн 536 миң сомду Башкы прокуратура которгон.

Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы 3-июлда ачылган. Ал эсепке экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн өндүрүлгөн акчалар түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM