Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу башталат

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 470 | 0

Бүгүн, 29-октябрда көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында 3-ноябрга чейин уланат. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында өтөт.

Көк бөрү боюнча мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 9 команда катышат. 28-октябрда өткөн чүчү кулакта 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн.

«А» тайпасы:

Чүй облусу;

Бишкек шаары;

Ош шаары.

«В» тайпасы:

Ош облусу:

Жалал-Абад облусу;

Нарын облусу;

«С» тайпасы:

Талас облусу;

Баткен облусу;

Ысык-Көл облусу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM