Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев 2017-жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын аткарууда кемчилик кетирген.
Өкмөт башчы мындан тышкары Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча бир катар кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды.