Биз менен байланышыңыз

Бишкектиктер газга 15 млн сом карыз

Коом | 26 Окт 2018 | 827 | 0

Бишкек шаары боюнча жаратылыш газына абоненттердин 15 млн сомдой карызы бар. Бул туурасында «Бишкекгаз» ишканасы карызы бар жарандарга карата жүргүзүлгөн рейд учурунда билдирди. Учурда 800дөй материал сотко өткөрүүгө даярдалып жатат. Ал эми 1 айдын ичинде 1 млн сомдой акча өндүрүлүп алынган. 

«Бишкекгаз» ишканасы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жаратылыш газына карызы болгон абоненттерге рейд жасады. Анда көп убакыттан бери карызын төлөбөй жүргөн жарандардын үйүнө барышты. Айрым абоненттер дагы деле жоопкерчиликтен качып, эшигин ачкан жок. Кээ бирлери каалгасын ачкан менен үй ээси эместигин айтып жатышты. Аталган компаниянын текшерүүчүсү Урмат Жарашов Новосибирск 14 дарегиндеги үйдүн карызы өткөн кыштан бери төлөнбөй жатканын айтты.

Биз буларга бир канча жолу эскертүү бергенбиз. Үч жолу газ түтүктөрүн кесип кетүү боюнча да маалымдама берилген. Бирок булар эшигин ачпай койгондуктан, сырттан кесип кете албайбыз. Уруксат бермейинче үйүнө кирүүгө да болбойт.

Көгүлтүр отко карыз болгон жарандардын арасында Калык Акиев 1А дарегинде жашаган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да бар. Текшерүүчү Нургазы Бакай уулунун айтымында, кызматкерлердин карызы боюнча министрликке да кат жиберилген. Бирок төлөнө элек. Негизинен ИИМ кызматкерлерине берилген турак үйдө 207 абонент болсо, алардын 46сы карызын төлөбөй жүрөт.

Мисалы, 27-батирде жашаган Назаралиева Жазгүл азыркы убакытка чейин карызын төлөй элек. Жалпы карызы 27 миң 801 сомду түзөт. Ал эми бул көп кабаттуу үйдөгү жалпы карызды болжолдоп айтсак, 56-57 миң сомду түзөт. Сүйлөшсөк да төлөшө элек.

Мындай карызы бар кардарлар Бишкек шаары боюнча жүздөп саналат. «Бишкекгаз» ишканасынын берген маалыматы боюнча, жаратылыш газына болгон карыздын жалпы суммасы 15 млн сомду чапчыйт. Мындан улам 92 иш сотко берилгенин компаниянын газдаштыруу боюнча жетекчисинин орун басары Нурдин Тулегенов айтты.

Бишкек шаары боюнча жалпы карыз 15 млн сом. Учурда соттошуп, өндүргөн акчанын көлөмү болждолдуу айтканда 1 айда 1 млн сом. Ал эми 92 иш сотто турат. 800дөй документ даярдалып жатат.

Абоненттердин арасында карыз болуп эле эмес, газды уурдагандар да бар экен. «Бишкекгаз» 25-октябрда 2013-жылы газы өчүрүлгөн абонент эч кандай уруксаты жок эле,  уурдап үйүнө газ киргизип алганын аныктаган. Газ түтүктөрүн текшерүү үчүн үй ээси «Бишкекгаздын» кызматкерлерин киргизген эмес. Мындан улам түтүктү кесип кетүүгө аргасыз болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM