Биз менен байланышыңыз

Бүгүн жол куруучулардын кесиптик майрамы

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 593 | 0

Мамлекет башчы  Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анда президент деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок биздин тоолуу өлкө үчүн автомобиль транспортунун жашоо-тиричиликтеги ролу баалуу экенин белгилейт.

Ошондой эле, Транспорт инфраструктурасын өркүндөтүү маселелери негизги социалдык-экономикалык жана саясий милдеттердин бири катары 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган.

Бүгүн айдоочулардын эле эмес, механиктердин, диспетчерлердин, автотранспорт ишканаларынын инженер-техниктеринин, оңдоочу жумушчулардын да майрамы. Кыргызстандын автомобиль жана жол чарбасында жакынкы келечекте чоң өзгөрүүлөр болуп, тармак өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандарыбыздын турмуш жыргалчылыгынын өсүшүнө кызмат кыларына терең ишенем.”- дейт президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM