Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү эсептеги каражат жарым млрд сомго жакындады

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 604 | 0

Коррупционерлерден өндүрүлүп бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын суммасы 478 млн 626 миң 900 сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эсепке эң көп каражатты Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы 190 млн 795 миң, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 159 млн 64 миң жана Башкы прокуратура 127 млн 536 миң сом которгон.

Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы 3-июлда ачылган. Ал эсепке экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн өндүрүлгөн акчалар түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM