Биз менен байланышыңыз

Ар-намысын миллионго баалаган аткаминерлер

Саясат | 25 Окт 2018 | 845 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековду сотко берди. Бул тууралуу ал “Маралга” берген маегинде айтып, 23-октябрда Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна арыз жазганын кабарлады. Бирок депутат эгерде аткаминер аны сотко берген болсо, ага маалымат берген УКМКнын биринчи орун басарын, Коопсуздук кеңешинин катчысын да соттук отурумдарга күбө катары чакырарын билдирди. Себеби ал Бакыт Шаршембиевге карата кылмыш иштер боюнча маалыматты жогоруда айтылган кызматтарга таянып берген. 

“Ар-намысыма шек келтирди” деп Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековду сотко берди. Эске салсак, буга чейин депутат парламент жыйынында Бакыт Шаршембиевдин 8 кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыккан. Кийин дагы массалык маалымат каражаттарына айткан сөздөрүн далилдеген документтерин да көрсөткөн.

Маалыматты мага Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратурадан, УКМКдан беришкен. Мен аларга суроо жөнөткөм. Менде кагаздар бар. Жадагалса, Коопсуздук кеңешинин катчысынын да колу менен документтер бар.

Бирок Бакыт Шаршембиев депутаттын айткандары 100% чындыкка жатпастыгын айтып, четке какты.  Депутаттын колундагы кагаздарда айтылган кылмыш иштерине анын түздөн-түз тиешеси жок, күбө катары гана чакырылган.

Мен сотко бердим. Анын айткандары 100% калп. Депутаттын кызыкчылыгы бар. Бул жөн гана кара пиар. Анын колундагы кагаздар анын суроосуна жараша жооп келген. Бирок анын ичинде эмне деп жазылып турганын эч ким билбейт, бирок мен билем. Анда мага карата кылмыш иштери боюнча эч кандай сөз жок. Мен жөн гана күбө катары чакырылгам.

Депутат Рыскелди Момбеков өзү да соттошууга кызыкдар экенин айтты. Учурда колунда болгон документтерди президентке бергенин, соттук отурумдарга ага кылмыш иштери боюнча маалымат берген тиешелүү органдарды да чакырарын билдирди.

-Мен соттошууга өзүм кызыкдармын. Ушул жигиттин кадыр-баркын, ар-намысын сот аркылуу аныктагым келип турат. Эми мен соттук отурумдарга мага маалымат берген мекемелердин жетекчилерин да тең жоопкерчиликтүү киши катары келүүсүн талап кылам. Мисалы, мага УКМКнын биринчи орун басары Сагынбек Исмаилов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди чакырам. Анткени мен ошолордун берген маалыматына таянып айткам.

Ал арада Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тергөө башкармалыгында бир канча кылмыш иштери тургандыгын айтып, бирок Бакыт Шаршембиев аларга күбө катары гана катыштыгы бар экенин маалымдашты. Ошондой эле анын үстүнөн эч кандай кылмыш иши козголбогондугу айтылган.

Карапайым эл менен чиновниктин эмес, эки аткаминердин соттошуусу жакшы көрүнүш деп баалагандар да бар. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашевдин оюна таянсак, бул соттошуудан коом эч нерсени жоготпойт. Тескерисинче,кайсы тарап уткан чакта да коомго пайда болот.

Аткаминерлерди аяштын кереги жок. Буга чейин алар жөнөкөй карапайым элдин өкүлдөрүн, журналисттерди миллионго жыгып жатпады беле, ошондон Кудай сактасын. А азыр эми булар соттошо берсин.

Депуттаты сотко берген аткаминер анын ар-намысына шек келтиргени үчүн 1 миллион сом талап кылып жатат. Юристтер мындай көрүнүш акыркы 5 жылдын ичинде байма-бай кездешип жаткан учур экенин белгилешет. Өзгөчө аткаминерлер ар-намысын миллионго баалоону адатка айлантышкан. Юрист Канатбек Азиз Бакыт Шаршембиев депутатты сотко берген учурда да намысын баалабай койсо болорун айтат. Анткени мындай ыкма, тескерисинче, анын аброюн түшүрөт.

Сөзсүз эле адамдын ар-намысы миллионго бааланышы керекпи? Буга чейин да экс-президент бир канча массалык маалымат каражаттарын сотко берген. Ошондо анын аброю түшүп кеткен. Азыр да Шаршембиев сотко берсе дагы намысын баалабай эле койсо болмок. Ушундай эле баа көрсөтүш керек болсо, 1 сом десе, анын аброю көтөрүлмөк. Мында маселе акча эмес да. Анын ошол айткан сөзүн кайтартуу болуп жатпайбы.

Кошумчалай кетсек, мурдагы президент Атамбаев да бир катар массалык маалымат каражаттарын жана журналисттерди сотко берип, ар-намысына доо кетиргендиги үчүн кенемте төлөөсүн талап кылган болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM