Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан футбол курамасы дүйнөлүк рейтингде 90-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 25 Окт 2018 | 783 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде 90-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

ФИФАнын жаңыланган рейтинги 25-октябрда жарыяланды. Анда өлкөлөрдүн курамалары достук беттештерде жана УЕФА элдеринин кубогу үчүн болгон оюндарда көрсөткөн оюндары жана алган упайлары эске алынып, тизмектелген. Крестининдин командасы Малайзия өлкөсүнүн курамасы менен беттеште жеңип, 91-орундан 90-орунга 1265 упай менен жылды.

Бельгиянын башкы командасы рейтингдин сап башында 1755 упай менен жайгашкан. Бул айдын мыктысы болуп 8 орун алдыга жылган Гибралтар болсо, эң начар көрсөткүч Мозамбик футболчуларына тиешелүү. Алар 8 орун төмөн түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM