Биз менен байланышыңыз

Быйыл 19 миң тонна сүт экспорттолду

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 495 | 0

2018-жылдын 9 айында сүттү экспорттоо көбөйдү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымат жыйынында  билдирди.

Анын айтымында, былтыр 13 миң тонна сүт экспорттолсо, быйылкы жылдын ушул эле убагында бул көрсөткүч 19 миң тоннага көбөйгөн. Мындан тышкары, балды экспорттоо үч эсеге көбөйдү. Негизинен бул өндүрүш Япония, АКШ, Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөргө экспорттолот.

Ал эми  былтыр 600 тонна эт экспорттолсо, быйыл бул көрсөткүч 1900 тоннага жетти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM