Биз менен байланышыңыз

Пашинян премьер-министрликке тандалган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 832 | 0

Никол Пашинянды парламенттеги «Елк» фракциясы премьерликке талапкер катары көрсөттү. Бирок бул талапкерлик депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок. Мындай маалыматты өлкөнүн Улуттук жыйынынын расмий сайты кабарлады.

Бул тууралуу Пашинян: “Менин таалпкерлигим шайлануу үчүн эмес, шайланбай калуу үчүн жылдырылды. Алдыдагы парламенттик шайлоого мыйзамдуу жол менен баруу жана ар кандай чагымдардын алдын алуу максатында биз бул жолду тандадык”, — деп билдирди.

Анын талапкерлигин өзүнүн парламенттеги “Елк” фракциясынын жетекчиси Лена Назарян жылдырган. Максаты премьерди шайлабоо менен парламенттин таркашын камсыз кылуу болчу. Эми армян сенатынын жаңы премьерди дайындоо үчүн бир гана жумасы калды. Муну ишке ашыра албаса автоматтык түрдө тарайт.

Учурдагы армян бийлигинин көздөгөнү дал ушул нерсе. Парламентти таратуу менен эски бийликтин колдоочулары болгон депутаттардан арылуу. Бул үчүн апрель төңкөрүшүнүн артынан бийликке келген Никол Пашинян бир апта мурун отставкага кетип,  парламенттин эки жумалык мөөнөтүнүн бүтүүсүн күтүп жаткан чагы. Азырынча саясий өңүт Пашиняндын сценарийи боюнча бара жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM